• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: Өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

2 Баш оона 2021 12:41 Бишкек Govori.TV

Эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) активдүү мүчөсү, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөн «Х.И.» аттуу чет өлкөнүн жараны аныкталып, кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан «Х.И.» эл аралык терроризмдин чет элдик борборлорунун координациясы астында куралдуу чыр-чатак аймагына жиберүү максатында калктын диний бөлүгү арасында активдүү үгүт иштерин кылып жүргөнү аныкталган.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Эл аралык террордук уюмдун ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 135