Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.
2019-жылдын 15-апрелинде КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте, Чүй областынын Жайыл райондук ИИБ Жол коопсуздугу бөлүмүнүн инспекторунан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштө оң чечим чыгаруу максатында мурда талап кылган 5 000 АКШ долларынын калган 40 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Жайыл райондук ИИБ Ыкчам-иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басарын кармады.
Милициянын подполковниги “Ч.Б.” кармоо иштери КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган материалдарды сотко чейинки териштирүүнүн алкагында ишке ашырылды.
Кармалган КРИИМ кызматкери УКМК убактылуу кармоочу жайга камалды.
Азыркы учурда КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш чаралары жүрүп жатат.