• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

УКМК Жапаров, Ташиев менен тааныштыгын айтып кызмат саткан адамды кармады

5 Жалган куран 2021 9:22 Бишкек Govori.TV

УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1000 доллар аванс алган.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголду.

УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө болгондорду (0312) 66-00-20 жана (0312) 66-04-75 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт.

Количество просмотров: 162