• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

УКМК жергиликтүү кеңештин депутатын кармады

14 Бирдин айы 2023 9:42 Бишкек Govori.TV

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жергиликтүү кеңештин депутаты Жалал-Абад облусунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-берененин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде (Опузалап пара талап кылуу), жергиликтүү кеңештин депутаты, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургуну «Ж.Ж.С.» кармалды.

«Ж.Ж.С. физикалык күч колдонуу коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген. Кармалган жаран рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарбачылыгына убада кылган жер тилкелерин өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайра мажбурлап каттатып, кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жолу менен басып алганы аныкталган. Мурда Ж.Ж.С. ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жообуна тартылып, 2021-жылдан бери ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин маалымат борборунун АБД-ТОР каттоосунда турган»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу, кармалган Ж.Ж.С. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартышы мүмкүн болгон адамдар 03722 56049, 03722 54961 номурларына кайрылууңуздарды суранабыз.

Количество просмотров: 2231