• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК: Журналисттик иликтөөдөгү материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат

6 Бештин айы 2019 10:42 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) журналисттик иликтөөдө айтылгандарга байланыштуу жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүш тууралуу маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов сурак беришти.

Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы экс-консулу Эркин Сопоковдун катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлүп, ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Ошондой эле «Азаттык медианын» журналисттери Али Токтакунов жана Ыдырыс Исаков күбө катары суракка чакырылышкан.

УКМК белгилегендей, журналисттик иликтөөнүн негизинде Башкы прокуратура Жазык кодексинин “Киши өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине материалдарды каттаган. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мекеме аралык тергөө тобу ишин улантууда.

“Тергөө объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылуу максатында иликтөө калыс жүргүзүлүп жатат” деп белгиледи УКМК.

Быйыл 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

«Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин белгилеген. Ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген.

Количество просмотров: 78