Бишкек.16.08.2019. Govori.TV
УКМКга Атамбаевдин үй-бүлөсү кире албай турат. Бул туурасында жеринде иштеп жаткан кабарчыбыз билдирди.
Айта кетсек, Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү УКМКда карайт.
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.
Атамбаевге жалпы 14 иш боюнча айып тагылды. 13-августта ага Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилген. Кийин Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, «Форум» ишканасы, Кой-Таштагы үйү, жер тилкелери, тоо-кен ишканаларына лицензия берүү сыяктуу бир нече айыптар коюлду.