• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМКга кызарып кирип, бозоруп чыккан Сапар Исаков. 26.04.2018 Күндүн ыргагы.

26 Чын куран 2018 21:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек 26.04.2018. Govori.TV
Бүгүн,  өткөн жумада парламенттин ишенбестигинин айынан кызматы менен кош айтышкан Сапар Исаков УКМКга чакырылганын өзү коомчулукка жарыялады. Аны жашырып-жаба турган дагы чамасы жок болчу. Эч кимге айтпай жашырынып бара жатканда деле баары бир угулуп калмак.
Анткени, ал өзү жакшы билет, мамлекеттик машине от алып кеткенден кийин ага каршы туруш, андан буйтап кетиш кыйын. Убагында экс-президенттин чачпагын көтөрүп жүрүп, өзү деле мындайды жакшы билет да. Ошондон улам ал өзү биринчилерден болуп, суракка бараарын ары карап ыйлап, бери карап күлүп жазып чыккандай болду.
Андан аз өтпөй эле жанына атайын актоочу да албай, кайсы бир кагаздар салынган кайыш сумка да көтөрбөй, планшетин да үйүнө таштап коюп, жанына бир жаш жигитти алып УКМКга кирип кеткен. Сурак кайсыл маселе боюнча болоорун, себебин айтып чакырышпаганын айтып, алаканын жайып, ийинин куушурган бойдон даярдыксыз эле кирип барган.  Ал киргени сыртта акыйып күткөндөр көп болду. Анткени,  УКМКнын атайын өкүлү билдиргендей, ага негизинен Бишкек ТЭЦинин модернизацияланышына карата маселелер бар экенин билдирген болчу.

Бул иш боюнча, учурда энерго холдингдин башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ААКсынын башчысы Узак Кыдырбаев, модернизацияны ишке ашыруучу топтун башчысы Бримкулов, аталган акционердик коомдун мурдагы башчысы Салайдин Авазов баш болгон бир короо киши камалып жаткандыктан, Сапар Жумакадырович да алардын жанынан орун алып калышы мүмкүн болчу.
Ал арада УКМКнын дарбазасына тез жардам кызматы келип, коомчулукту ого бетер буй түшүрдү. “Катаал сурактан балким, мурдагы өкмөт башчынын кан басымы көтөрүлүп кеттиби?” деген түкшүмөл собол пайда болду элде. Бирок, бактыга жакшы баары жакшы аяктады. Эки сааттан ашык сурактан кийин Сапар Исаков УКМКдан чыгып, ММКларга чала-чарпыт жооп кайтарды да, жол тандабасына отуруп жолуна түштү. Ал суроолор негизинен Президенттик аппаратта турган убагындагы иштерге байланыштуу экендигин кыйытты.
Демек, ошол Бишкек ТЭЦинин модернизациясына байланыштуу болгон. Анткени, дал ушул Сапар Исаков 2007-жылдары Курманбек Бакиевдин администрациясында эксперт болуп иштеп, кийин анын сырткы байланыштар бөлүмүндө кызмат өтөгөн. Андан кийин Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин түзгөн ЦАРИИ аттуу агенттигинде экинин бири болуп, “ханзаада”  менен Кытай Эл Республикасына барып, бир топ инвестициялык долбоорлор боюнча макулдашууга катышкан.
Кийин, 2010-жылы революция болуп кеткенде, ал ЦАРИИнин мүчөсү экендигине карабай, Алмазбек Атамбаевдин амири менен аппаратта иш аткарып, кийин Президенттин тышкы байланыш бөлүмүн жетектеп турду. Ошондуктан, ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоого Кытайдын Инэксимбанкынан насыя алып, ал каражатты ошол эле кытайлык ТВЕА компаниясына карматып, модернизацияны куруу укугун алып берүүдө Сапар Исаковдун ролу чоң болгону сокурга да маалым.

 

Бирок, ошол ТЭЦтин эки от казанын алмаштырууга делинип алынган 386 млн. АКШ доллары, кийин 490 млн. АКШ доллары болуп калктын эсебинен төлөнчү насыя өзүн-өзү актабай, быйылкы кыштын суугунда аварияга учурап калбадыбы. Үч сутка бою Бишкектиктердин  жарымы кылчылдап, суукка тоңуп, Сапар Исаков өзү элге жылуу жууркан-төшөк таркатканы тарыхта кала турган осол иш болуп чыкты.
Мына ошондуктан, коомчулукта Кумтөрдөн кийинки эле эң чоң афера саналган ТЭЦтин модернизациясына Сапар Исаков чакыртпай эле барып, өз салымын, кемчилиги менен жаңылыштыгын айтып бериши керек болчу…
Количество просмотров: 9