Бишкек.21.06.2019.Govori.TV.
Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отурумунда УКМКнын каты окулду.
Окулган катта айыпталуучуларды №1 абакка (СИЗО-1) которуу сунушталган. Ал эми мындай сунуштун себебин орундун жетишсиздиги менен түшүндүрүшүүдө.
Ал эми мындай кырдаалды жактоочулар айыпталуучуларга карата басым болуп жатат деп эсептешүүдө.
Эске салсак, экс-мэрлер жана башка айыпталуучулар Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, «Дастан» ААК каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү мыйзамсыз иштерге байланыштуу коррупцияга айыпталып жатышат.