• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараты ачылды

28 Жетинин айы 202414:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-ноябрда УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, атайын кызматтын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

УКМКнын жаңы имараты Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрү үчүн курулуп, анда аскер кызматкерлеринин жемиштүү иштеши үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн жана керектүү жабдуулар орнотулган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын кызматкерлерин куттуктап, өлкө жетекчилиги тарабынан мындан ары дагы материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аракети көрүлөрүн белгиледи.

Количество просмотров: 130