Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Нурлан Дүйшекеев соттун чечими менен камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коррупцияга шектелип жаткан мурдагы жетекчи 2021-жыдын 31-июлуна чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
Азырынча ал кайсы ишке фигурант катары кармалганы белгисиз.