Кыргызстанды таштап чет өлкөгө чыгып кетти делген УКМКнын экс- жетекчиси Абдиль Сегизбаев шаарда эркин басып жүргөнү фейсбук колдоонучуларын дүрбөттү.
Соц.тармакка жарыяланган сүрөттү FactCheck KG деген ресурс аркылуу кайсы жерде тартылганы тууралуу изилдөө жүргузулгөн. Изилдөөнүн натыйжасында сүрөттөр тартылган аймак болуп Бишкектин 3-кичи району, Джимо ломбарды жаргашкан жер табылган.
Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда анын ишенимине кирип, жооптуу кызматты аркалагандардын көбү, азыркы учурда СИЗОго түшкөнү маалым.
Атамбаевдин доорунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) жетектеген Абдил Сегизбаев жана мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да кызматтан алынгандан кийин чет өлкөгө чыгып кеткени айтылып келген.