Бишкек.08.08.2019. Govori.TV
УКМКнын каза болгон атайын даярдыктагы аскерине снайпердик мылтыктын огу тийиши мүмкүн экенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ок Атамбаевдин үйү тарабынан чыгарылган.
«Учурда Кой-Таш айылынын аймагында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери турат. Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө спецназдын бир нече кызматкери жаракат алган», — деп айтылат маалыматта.