Бишкек.29.06.2019.Govori.TV.
29-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев жана ИИМдин мурдагы башчысы Улан Исраиловдор барды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин, аны колдоп бул жерге келүүнү чечкенин айткан.
Эске салсак, Атамбаевдин тушунда Абдил Сегизбаев 2015-2018-жылдары УКМКнын төрагасы, Улан Исраилов 2016-2018-жылдары ИИМдин башчысы болгон.