Бишкек шаарында алдамчылык жана мыйзамсыз миграцияга көмөктөшүүгө шектелип Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурдагы кызматкери кармалды.
УКМК билдиргендей, Бишкек шаарынын Щербаков көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинде Түштүк Азия мамлекеттеринин биринен келген 20 чет элдик жарандын жашап жана иштеп жүргөндүгү белгилүү болгон.
«Аталган адамдар КРдин аймагында тиешелүү уруксат кагаздары жок эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөнү аныкталган. Имараттын ижарачысы өзүн УКМКнын учурдагы кызматкери катары тааныштырган жаранга мигранттардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүүгө жана текшерүүлөрдөн калкалоо үчүн акча берген. Бирок кармалган жаран УКМКга тиешеси жок экендиги, мурда УКМКдан бошотулгандыгы аныкталган. Ошого карабастан ал жеке ишкерди маселени жөнгө саларына ынандырып жүргөн. Андан соң ал акчаны жарым-жартылай кайтарып берип, ишкер менен баардашуудан баш тарткан. Жабырлануучунун арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) 4-бөлүгүнүн 4-пункту менен кылмыш иши козголгон. 2-июль күнү шектүү Бишкек шаарынан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп жазылат маалыматта.