Айыккыс илдетке чалдыккан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталинов баса албай калды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына анын жубайы Гульнара Суталинова билдирген.
«Ал кароодон өтүүдө, алган дарысынан олуттуу терс таасир болуп, андан улам ал баспай калды. Азыр ал башка дары алууда. Азырынча толук кандуу дарылануу алган жок»,- деп айтып берди дарыгер.
Эске салсак, УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов үстүбүздөгү жылдын 7-майында Бишкек шаардык соттун чечими менен эркиндикке чыккан. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга байланышкан иш боюнча 20 жылга эркинен ажыратылган эл.