• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМКнын мурунку төрагасы УКМКнын азыркы төрагасына ишенбейт

13 Баш оона 2019 16:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.08.2019.Govori.TV.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге ишеним көрсөтүүгө болбойт. Мындай пикирин УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн, суракка кирээр алдында, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Керек болсо мен комплекстүү медициналык экспертизадан өтүүгө даярмын. Мен мындан ары ал адамга ишеним көрсөтө албайм. Опумбаев менин жаракатым тууралуу пикирди атайылап коомчулуктун оюн буруу максатында айткан деп эсептейм. Тергөө Опумбаевдей эмес, чыныгы кесипкөй тергөөчүлөр тарабынан иш иликтенет деп ойлойм»,-деди Сегизбаев.

Эске салсак, күч органдары тарабынан Атамбаевдин Кой-таштагы үйүнө бастырып кирген учурда УКМКнын мурунку төрагасы Сегизбаев жаракат алганы айтылган.

Ал эми бүгүн, 13-августта өткөн маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев: «УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевди эч ким аткан жок. Качып баратып жөн эле буту бир жерге урунуп көгөрүп калышы мүмкүн. Ал өзүн жарадар адамдай көрсөткүсү келип жатат»,-деген пикирин айткан.

Количество просмотров: 15