УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу Атайын кызмат тараткан маалматта айтылат.
УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тийиштүү иш-чаралардын алкагында жасалма кызматтык күбөлүктү колдонуп, системалуу түрдө КР УКМК кызматкеримин деп өзүн тааныштырып, укукка каршы жосундарды жасап жаткан КР жараны А.М.М. аныкталган.
«Ошону менен бирге, КР УКМКнын дарегине Н.А.М. аттуу КР жараны арыз менен кайрылып, ар кандай шылтоолор менен А.М.М. 500 миң сом акча каражатын опузалап алгандыгын билдирген. Ошентип, 2025-жылдын 23-июнунда кайрадан эле жасалма документти колдонуп, өзүн УКМК кызматкери катары көрсөткөн А.М.М. аттуу жаран пара менен кармалып, өздүк тинтүү учурунда андан КР УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөтү бар жасалма документи алынган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмыш ишиндеги төгүндөлгүс далилдерди эске алуу менен А.М.М. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды», — деп жазылат маалыматта.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдар такталууда.