• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Украина Евробиримдикке кирүү жөнүндө арызды толтурду

19 Чын куран 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

Украина өкмөтү Европа биримдигине кирүү үчүн анкетаны толугу менен толтурдуу. Бул тууралуу Украина президентинин кеңсесинин башчысынын орун басары Игорь Жовква билдирди.

Алгач ирет 8-апрелде келген ЕБ өкүлдөрү президент Владимир Зеленскийге өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болуу өтүнүчүн кароого тиешелүү сурамжылоо кагазын тапшырышкан. Зеленский Киев бир аптадан кийин жооп бере аларын билдирген.

“Украин тарап документти толтурду, эми Киев сунуштарды күтүп жатат жана топ ЕБ тарапка өтөт”, — деди Жовква. Аткаминер Еврокомиссия Украинанын Евробиримдикке мүчө болууга канчалык деңгээлде төп келерин аныктап, кеңешин берүүгө тийиш экенин маалымдады. Украина Европа кеңешинин июнда өтө турган жыйынында ЕБга мүчө болууга талапкер өлкө макамын алууну күтүп жатат.

Президент Владимир Зеленский Украинанын Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кирүү тууралуу арызына 28-февралда кол койгон.

Европарламент 1-мартта Украинанын Европа Биримдигине кирүү тууралуу арызын карап, Еврокомиссиянын институттарына аны талапкер өлкө катары сунуштоо резолюциясын кабыл алган.

Ага улай Грузия менен Молдова да Евробиримдикке кирүү жөнүндө арыз тапшырган.

Количество просмотров: 127