• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Саясий туткундардын «сааты» келди

21 Жетинин айы 2018 21:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.11.2018.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда бийликти күч менен басып алуу, коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык кылуу жана башка айыптар менен Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаров ж.б. — ар кимиси ар кандай жагдай боюнча кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы жана жарандык активист камакка алынган. Абактагы саясатчылардын көбүнүн кылмыш иштери Жогорку сотто каралып, акыркы сот өкүмдөрү чыккан.

Жыйынтыктап айтканда, экс-президенттин тушунда камалгандардын маселеси бир жагына каралышы керек. Алмазбек Атамбаевге шылтап отура бергенден абал оңолбойт. Бир жагынан кызматка отурганына бир жыл болгон Сооронбай Жээнбековдун эрктүүлүгүн далилдей турган окуя дагы ушул.

Количество просмотров: 27