• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Украинада банкты басып алып, «бомба жардырам» деген Өзбекстандын жараны кармалды (видео)

4 Баш оона 2020 10:27 Бишкек Govori.TV

Украинанын борбору Киев шаарындагы банктардын биринде бомба жардырарын айткан Сухроб Каримов аттуу Өзбекстандын жараны Украинаын атайын даярдыктагы аскерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

32 жаштагы Каримовдун психикасы туруктуу эместиги айтылды. Шектүү өзүн «ыйык» атап, «дүйнөдөгү бардык президенттерди камоону» талап кылган.

Украинанын ички иштер министринин орун басары жардыруу болбогонун, окуя болгон жерде тийиштүү кызматкерлер иштеп жатканын билдирген.

Эске салсак,  3-августта «Универсал банктан» полиция кызматкерлерине чалуу түшкөн. Анда белгисиз жаран банкка кирип, баштыгында бомба бар экенин айтып коркутканы кабарланган.

Количество просмотров: 192