• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Украинада дагы бир теги кыргызстандык каза болду

26 Жалган куран 202215:06 Бишкек Govori.TV

Украинада Орусиянын жарандыгын алган теги кыргызстандык 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза тапты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгүн алып келген учак бүгүн, 26-мартта Канттагы Орусиянын аба базасына түнкү саат 3тө конгон.

«Каза болгон жаран Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти бүтүргөндөн кийин Орусиянын жарандыгын алып, аталган өлкөнүн армиясында келишимдик негизде кызмат кылып жүргөн. Анын ата-энеси жана бир туугандары Кара-Балта шаарында жашайт»,-деп жазылат маалыматта.

Зарифулиндин сөөгү 27-мартта Кара-Балтада жерге берилет.

Количество просмотров: 1160