• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Украинада миллиардер Игорь Коломойский камалды

4 Аяк оона 2023 9:26 Бишкек Govori.TV

Киевдин Шевченков райондук соту 2-сентябрдын кечинде украин миллиардери Игорь Коломойскийди эки айга камоо чечимин чыгарды. Анын адвокаттары олигарх соттун чечимине каршы доо арыз менен жогорку инстацияга кайрыларын билдиришти. Бул тууралуу Азаттык билдирет.

Украинанын Коопсуздук кызматы Игорь Коломойскийди алдамчылыкка жана кылмыштуу жол менен тапкан мүлктү адалдаштырууга айыптап жатат.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 2013-2020-жылдары Коломойский миллиондогон долларды чет жакка чыгаруу менен адалдаштырган.

Игорь Коломойский Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, эң бай украиндердин бири. Анын байлыгы 2022-жылдын соңуна карата 850 миллион долларды түзгөн. 2022-жылы президент Владимир Зеленский өз буйругу менен ишкерди украин жарандыгынан ажыраткан

Коломойскийге Орусияда Украинанын чыгышында тыюу салынган куралды колдонгон деген кине менен кылмыш иши козголгон. Ишкер жикчилдерге кескин каршы чыгып, аларга каршы аскердик операцияга колдоо көрсөткөн. 2014-жылы Москванын Басманный сотунун чечими менен Коломойский сыртынан кесилген.

Коломойскийге Орусияда «Украинанын чыгышында тыюу салынган куралды колдонгон» деген кине менен кылмыш иши козголгон. Ишкер жикчилдерге каршы аскердик операцияга колдоо көрсөткөн. 2014-жылы Москванын Басманный сотунун чечими менен Коломойский сыртынан кесилген.

Количество просмотров: 198