11-январда Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын милиция кызматкерлери Аскар Кубанычбек уулун кыргызстандык кесиптештеринин өтүнүчү менен кармашканын Regnum басылмасы жазып чыкты.
Кубанычбек уулу 17 күндүк өргүү берилгенин айтып, Москва шаарындагы атасына жолугуу үчүн баратканын билдирген. Бирок автобекеттен кармалып, ага Кыргызстандын укук коргоо органдары эл аралык издөө жарыялаганын уккан. Өзү Украинада согушканын тастыктаган.
Кубанычбек уулу журналисттерге милиция бөлүмүндө бир сутка кармалып, эртең менен бошотулганын билдирген.
2023-жылы 30-августта Кыргызстандын Жогорку соту Аскар Кубанычбек уулу боюнча райондук жана шаардык соттордун ага чейинки чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөткөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл январь айында аны жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошоткон. Ал тыюу салуу чаралары дароо күчүнө кирбегендиктен, Казакстан аркылуу Орусияга чыгып кеткен. Ал орус жарандыгын алганы кабарланган.