• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Украинадан 107 кыргызстандык эвакуацияланды 

28 Бирдин айы 202218:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын 107 жараны Венгрияга эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына ылайык, 107 кишинин 34ү жашы жете элек балдар.

«Киев убактысы боюнча саат 13:00дө чогултуу пунктунан эвакуацияланды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 138