• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Украиналык качкындардын саны 1,5 миллионго жетти

7 Жалган куран 2022 11:17 Бишкек Govori.TV

Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялар башталган 10 күндүн ичинде качкындардын саны 1,5 миллионго жетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди билдирди.

Анын айтымында, «бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европада өтө тездик менен өнүгүп жаткан миграциялык кризис болууда».

Украинанын Жогорку Радасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Людмила Денисова «Луганск элдик республикасы» (ЛЭР) деп аталган аймактын көзөмөлүнө өткөн айрым калктуу конуштарда жергиликтүү тургундар ЛЭРдин паспортторун алууга мажбурланып жатканын билдирди. Анын айтымында, алардан украин паспортторун күч менен тартып алышууда. Азырынча бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн боло элек.

Эл аралык «Чек арасыз дарыгерлер» уюму Мариуполдогу гуманитардык абалды апаат деп атады – шаарда суу, электр энергиясы жана жылуулук жок.

Количество просмотров: 218