Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.
Украинанын беш президентинин чогу түшкөн сүрөтү социалдык түйүндөрдө жарык көрдү. Сүрөттү журналист Соня Кошкина Украинанын көз карандысыздык күнүндө Маринск Сарайында конокторду тосуп алуу учурунда тартып алгандыгын чет элдик басылмалар жазды.
Сүрөттөн 1991-1994-жылдар аралыгында жетектеген Леонид Кравчук, 1994-2005-жылдарда башкарган Леонид Кучма, 2005-2010-жылдардагы өлкө башчысы Виктор Ющенко, 2014-2019-жылдардагы президенти Петр Порошенко жана учурдагы президенти Владимир Зеленскийди көрүүгө болот. Алар Украинанын көз карандысыздык күнү тарыхты бириктирди жана өлкө башчылар өлкөнүн келечеги үчүн бокалдарын көтөрүшкөн.