Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.
Украинадагы парламенттик шайлоодо добуштардын 90 пайызы саналды. Жыйынтык боюнча өлкө президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы алдыда келе жатканын байкоого болот. Демек, Жогорку Радага алгачкы жолу кара терилүү депутат шайланат. Ал «Эл кызматчысы» партиясынан талапкер болгон Жан Беленюк.
Саясатка аралашканга чейин грек-рим күрөшү менен машыккан Беленюк 28 жашта. Киевде төрөлгөн. Атасы 1994-жылы Руандадагы жарандык согуш маалында каза болгон.
Эске салсак, Украинанын Жогорку Радасына депутаттарды шайлоо 21-июлда өткөн.