• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Украниада качкындардын саны 100 миллионго жетти

17 Кулжа 202211:48 Бишкек Govori.TV

БУУнун 16-июнда жарыяланган баяндамасына ылайык, Украинадагы жаңжалдан улам дүйнө жүзү боюнча качкындардын саны 100 миллиондон ашты.

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссарынын баяндамасында айтылгандай, 2021-жылдын аягына карата дүйнөдө качкындардын саны 89,3 миллион адамга жеткен. Алардын баары жаңжал, зордук-зомбулук, куугунтук жана адам укуктарынын бузулушунун натыйжасында жер которгон. Бирок бул көрсөткүч Украинадагы жаңжалдан улам 100 миллиондон ашты.

Качкындар боюнча Жогорку Комиссар башкармалыгынын маалыматы боюнча, Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндө 2,8 миллиондон ашык украиналык убактылуу коргоо статусун алышты.

Количество просмотров: 392