• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

УКТ мүчөсүнүн өлүмү боюнча дагы бир шектүү кармалды 

14 Үчтүн айы 202322:34 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы адам өлтүрүүгө шектелген дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Нурбек Чубаков аттуу Өзгөн районунун тургуну бүгүн Ош облусунун аймагынан кармалган.

Милициядан белгилешкендей, өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо жана кылмыш ишин толук ачуу боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. Кечээ, 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган. Ошондой эле бүгүн, 14-январда аталган кылмышка шектелип дагы эки жаранга издөө жарыяланган. Ал эми кечээ, 13-январда издөө салынган 2 жаран бүгүн Чүй облусунун аймагынан кармалган.

Количество просмотров: 476