• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Укук коргоочу Азимжан Аскаров абакта калтырылды

30 Теке 2019 12:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.07.2019.Govori.TV.

Британия, Германия, Швейцариянын элчиликтеринин жана БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү көз салган соттук отурумда Чүй облустук соту  Азимжан Аскаровду абакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Ал эми жактоочу  Валерьян Вахитов Аскаровду бошотууну суранган. Мамлекеттик айыптоо өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган адамдын иши кайрадан каралбай турганын билдирген.

Эске салсак, укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 21