• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Укук коргоочу Чупик Өзбекстанга депортацияланса «абакта өлтүрүлүшү мүмкүн экенин» билдирди

28 Аяк оона 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

25-сентябрдан бери Москванын Шереметьево аэропортундагы иммиграциялык убактылуу кармоочу жайда отурган укук коргоочу Валентина Чупик эгер өзү төрөлгөн Өзбекстанга депортациялана турган болсо, ал жакта соттолуп, керек болсо абакта өлтүрүлүшү мүмкүндүгүн айтты.

Москвадагы мигранттардын укугун коргогон «Дүйнө таңы» уюмун жетектеген Чупик мындай пикирин 27-сентябрда «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ал 17-сентябрда качкын макамынан ажыраганын жана ага Орусияга кирүүгө 30 жылга тыюу салынганын билдиришкен.

«Мага берилген документтерде мен [2006-жылы] качкын макамын алуу үчүн кайрылганымда [орус бийлигине] жалган маалыматты же жасалма документтерди бергеним жазылган экен. Мен муну толугу менен нонсенс (акылга сыйгыс) деп эсептейм», — деди Чупик.

Ал өзүнүн кармалышына борбор азиялык мигранттардын укугун коргогону жана Орусиянын миграция мекемелери менен полициясын коррупцияга айыптаган сөздөрү себеп болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

«Менимче, мен Өзбекстанга жөнөтүлө турган болсом, мени дароо Улуттук коопсуздук кызматынын жер төлөөсүнө камашат жана ал жерде акыры өлтүрүп коюшат», — деди укук коргоочу.

Валентина Чупик өткөн ишембиге караган түнү Армениядан Москвага учуп келгенде кармалган. Ал Өзбекстандын жараны болгондуктан Орусияда качкын макамы менен жашап жүргөн.

Укук коргоочу 2006-жылы Өзбекстандан качып чыккан. Ага чейин өзбек бийлиги Чупикке укук коргоо уюмуна келген эл аралык гранттын жарымын мамлекетке берүү талабын койгон эле.

Количество просмотров: 510