• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Укук коргоочу: Сот системасы өлдү, жапырт камалгандардын жакындары аларды алыстан дагы көрө албай жатышат

16 Бирдин айы 202314:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сот системасы өлдү. Мындай пикирин бүгүн, 16-февралда укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

«Кемпир -Абад иши боюнча кармалгандардын иши күндөн-күнгө катаалдашып, түшүнүксүз жагдайларга кептелип калды. Иш жашыруун деген макам алдында болгондуктан Жада калса баш коргоо чаралары жабык эшик артында каралып жатат. Соттук отурумга келген жакындары аларды алыстан дагы көрө албай жатышат»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы кароо уланууда.

Количество просмотров: 712