• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Укук коргоочулар кыздардын укуктарын коргоону колго алышты

2 Баш оона 2019 12:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.07.2019.Govori.TV.

Кыз ала качуу иштери мурдагыга салыштырмалуу азайганы менен кайрадан улантылып жатканы боюнча бүгүн, 3-августта Борбордук Азиядагы адам укуктарын коргоо боюнча конгресс тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү.

Иш чарага тиешелүү министрликтердин кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, журналисттер катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө «Кыз ала качуусуна каршы» темада ар тараптуу талкуулар уюштурулду. Ошону менен бирге бул жаатта жергиликтүү бийлик, укук коргоо кызматкерлери менен коомчулук тыгыз кызматташтыкта иш алып барышса деген ойлор кеңири талкууга коюлду.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рыспеков акыркы алты айда бул факты боюнча 118 кылмыш иши козголгонун айтты.

«Бүгүнкү күндө ала качуу боюнча 118 факты катталып, аларга кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда»,-деди Рыспеков.

Андан тышкары, бүгүнкү жыйындын соңунда катышуучулар кыз ала качуу боюнча резолюция кабыл алышат.

Количество просмотров: 46