• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улан Эгизбаевди эскерүү: Бишкекте «Чындык» форуму өтүп жатат

12 Бирдин айы 202311:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-февралда Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында «Чындык» аттуу форум өтүп жатат.

Иш-чарага иликтөөчү журналисттер, медиа-эксперттер, маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун соңунда 2022-жылдагы Кыргызстандагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылы ыйгарылчу сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.

Иликтөөчү журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 33 жашка чыкмак.

Количество просмотров: 188