Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.
Журналист Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бүгүн бир жыл толду. Эгизбаевдин элесине арналган видео материалдар, эскерүүлөр жарык көрдү. Ал эми анын өмүрлүк жары Сапаргүл Абдинабиева социалдык тармактагы өздүк баракчасына жолдошун эскерген кезектеги билдирүүсүн жазып калтырды.
-Ысык-Көлгө барып эс алып келели,- деди курбу кызым.
-Жок,- деп шашыла жооп узаттым…
Бир кезде сагына, кусалана барган Көлүм бүгүн мага өгөй да, чоочун да сыяктуусуң. Кечире алсаң кечир мени, мен да сени кечирген күнү сага барам. Акыркы жолу «Эми бир жолу сууга түшүп келейин, анан балык жегени баралы»,- деп, жылмайган бойдон көл тарапка кеткенсиң… Күткөн бойдон калгам…
Андан бери азаптуу бир жыл өттү.. Карылуу, эмгекчил колдоруң менен жетелеп кетчүдөй күткөн, ишенбеген, кабыл албаган, сагынычка толгон бул жыл- өмүрүмдүн эң оор жылы болду…
Белек талпынып, кадам таштаганга аз калды. Караңгы күндөргө кооз боёк берип, сеникине окшош курч карашы менен татыктуу жашашым керек экенин күн сайын эстетип, үмүт берип, кадимкидей чыйралтып турат. Дагы бир жүрөгүмдү жылыткан нерсе, элиң сени текши сүйөт, урматтайт. Ошон үчүн дагы арабызда түбөлүк жашай бересин, Улан!