Президентке импичмент жарыялоого негиз жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов айтты.
Бүгүнкү күндө импичмент жарыялоого эч кандай укуктук жана юридикалык негиз жок. Президент мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат, — деди депутат.
Эске салсак, буга чейин Парламенттин жалпы жыйынында ЖК депутаты Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо тууралуу маселени көтөрүп чыккан.
Анын айтымында, Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити, дипномерлүү унааны пайдалануу жана трансулуттук топ боюнча Башкы прокуратуранын отчетун угуу керек.
«Мунун баары унчукпаган бийликтин башкаруусу алдында болуп жаткандыктан, президентке импичмент жарыялоону талкуулоого алып келүүдө. Эл аралык коомчулук алдында уят эле. Уюшкан кылмыштуу топ жок, аткезчилик жок, баңгитрафиги жок, бул эмне деген билдирүү. Деги эмне болуп жатат?» — деди Ирина Карамушкина.