• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Улан Саляновдун өлүмү: Аида Салянова соттун өкүмүнө нааразы…

27 Жетинин айы 202016:09 Бишкек Govori.TV

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отурумунда соттун өкүмү чыкты.

Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө ылдайык, айыпталуучулар Асанэмир Абыкулов 15 жылга, Эрмек Осмонкулов 18 жыл 2 айга эркинен ажыратылды.

Ал эми соттун мындай чечимине маркум Улан Саляновдун жакындары нааразы пикирлерин айтышты.

Ал эми Аида Салянова дагы соттун чечимине нааразы пикирин билдирип, шаардык сотко кайрыла турганыдыктарын айтты.

«Айыптоочулар аларды өмүр бою эркинен ажыратуунун талап кылышкан. Соттун 15 жылга кескен жазасы шылдын катары болду. Соттолгон адамдар мындай буйрукту ким бергенин айтышкан жок. Эми айтышпайт дагы деп ойлойм. Эми алар эртерээк абактан чыкканга аракет кылышат», — деди ал.

Эске салсак, 42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши – Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шектүү болуп жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвадан колго түшүп, 2019-жылы май айында Бишкекке жеткирилген. Саляновдун өлүмү боюнча шектүүлөрдүн дагы бири Заур Насруллаев Орусиядан кармалган, Кыргызстанга өткөрүлө элек.

Количество просмотров: 104