• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот иши 30-августка чейин токтотулду

25 Теке 201910:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.07.2019.Govori.TV.

Мурдагы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот иши 30-августка чейин токтотулду. Бул тууралуу жактоочу  Рабига Сыдыкова билдирди.

Анын айтымында соттук териштирүүнүн токтотулганына ишти караган судьянын эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени себеп болгон.

ИИМ бул кылмыш үчүн жалпысынан үч киши — Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып жатканын жарыялаган.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 6-ноябрда Улан Саляновду Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кеткен. Кандуу окуяга байланыштуу сот жараяны былтыр сентябрда башталган.

Количество просмотров: 31