Бишкекте 12-февралда маркум журналист Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул сыйлыкты ыйгаруу иликтөөчү журналисттер арасында эки жылдан бери уюштурулуп келатат. Бул сынакты 2019-жылдан бери «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштуруп келатат.
Жеңүүчүлөр:
1-орун үч медиага — «Азаттыкка», «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбооруна» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop Media» басылмасына — Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллион долларлар тууралуу чогуу жүргүзгөн иликтөөсү үчүн ыйгарылды.
2-орун — «Kloop Media» басылмасынын Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагынан сатылган жерлер тууралуу иликтөөсү үчүн ыйгарылды.
3-орун – Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын жасалгаларынын баасын иликтеген эмгеги үчүн «FactChek» басылмасынын редактору Болот Темировго берилди.
Атайын сыйлыктар «T-Media» журналисти Марат Акимбек уулуна «Ош: ипотекага жамынган үй сатуу бизнесиби?» деген эмгеги үчүн; журналистАбдылда Темирбердиевге «Уурдалган алтындар» деген эмгеги үчүн ыйгарылды.
«Orion» мейманканасында өткөн сыйлоо аземине экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук ишмерлер, саясатчылар, медиа уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты.
Сыйлык ыйгаруу аземи «Журналисттик иликтөөнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу медиа форумдун алкагында өттү.