• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Улгайган аялды “сасып жатат”деп троллейбустан түшүрүп салган айдоочу жумуштан алынды

16 Аяк оона 2019 13:53 Бишкек Govori.TV

Улгайган жүргүнчүнү троллейбустан түшүргөн айдоочу бул кылыгы үчүн кызматтан алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, айдоочунун жумушта иштегенине бир жылга жакын убакыт болгон.

«Айдоочу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин (Иш берүүчүнүн демилгеси менен жумуш келишимин бузуу) 5-бөлүмү менен иштен кетти. Улук айдоочу сөгүш алып, депонун директоруна да чара көрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары мэриянын билдирүүсүндө «Чын дилден кечирим сурайбыз», — деп кошумчаланган.

Эске салсак, №11 троллейбустун айдоочусу улгайган аялды “сасып жатат” деген жүйөө менен транспорттон түшүп кетүүнү талап кылган. Бул тууралуу видео интернетке тараган, анда жүргүнчүлөрдүн бири “Жөн коюңуз, карыган эне түшпөй эле кете берсин” деп суранганын дагы көрүүгө болот.  

Жарыяланган видео социалдык түйүндө катуу талкууга алынган.

Количество просмотров: 139