• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улгайган кишиге кол көтөргөн айдоочу: кылганыма өкүнөм, бирок өзү ошого жеткирди

26 Аяк оона 2018 12:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.
Бишкек ШИИБдин кызматкерлери айдоочуну кармап, ал көрсөтмө берди. Анын айтымында, машина токтотуучу жайда иштеген киши өзү айдоочуну сөгүп, машинасын тээп салган.
«Кечээ кызым сыркоолоп калып, маанай жок абалда поликлиникадан келе жаткам. Машина токтотуучу жайда иштеген киши «сен токтоп тур, мен бул жактан башка машинаны чыгарып жиберейин» деди. Мен шашып баратам десем, капталдан чыгып туруп машинаны тээп салды. Машинадан чыгып «эй, байке эмне кылып жатасыз» десем, жанын жеп «эй, эшек сен менин бутумду тебелеп салдың» деп калп айтты. Жиним келди», — деди айдоочу.
Эске салсак, окуя 25-сентябрда саат 15:00дөр чамасында «Мега Комфорт» соода борборуна жакын жердеги машина токтотуучу жайда болгон. Ал жерде иштеген унаа токтотуучу болуп иштеген улгайган кишини чаап-тээп жиберген айдоочунун видеосу социалдык тармакка тарап кеткен.

 

 

Количество просмотров: 39