• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Улукбек Кочкоров 2 саатка министрлик ордун Тилеген Рахатбековго берди (видео, сүрөт)

18 Жетинин айы 201920:30 Бишкек Govori.TV

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров 2 саатка министрлик ордун Тилеген Рахатбековго берди. Тилеген балдардын шал оорусу менен жабыркайт.

Бул демилге Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата уюштурулган «Рулда балдар» акциясынын алкагында бүгүн, 18-ноябрда ишке ашырылды. Министрдин милдетин аткаруу менен тапшырма берген Тилегенде угуу мүмкүнчүлүгү жок. Буга байланыштуу анын апасы Айнура Алеева У.Кочкоров менен баарлашуусуна котормочу катары жардам көрсөттү.

Тилеген Рахатбеков стал на полчаса министром труда и соцразвития

Тилеген алгач эле өзү билим алып жаткан мектептеги (угуу мүмкүнчүлүгү жок балдарды окуткан мектеп) социалдык маселени айткан. Анын айтымында, ал жактан аттестат берилбейт. Ошондой эле апасы окуу китептери да жетишсиз экенин, колдонуудагы китептер ССР учурунда басылып чыкканын билдирди.

Улукбек Кочкоров Тилегендин айтканын жазып алып, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен бирге жакынкы убакта ал мектеп менен тааныша турганын билдирди.

булак: АКИпресс

Количество просмотров: 2247