• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин Жогорку Кеңеш колдоду

25 Тогуздун айы 2018 15:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.10.2018. Govori.TV

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин комитетинде карап берүүгө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сунуштады.

Депутаттардын 105 добушу менен Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болду.

Депутат  Жыргалбек Турускулов «Балдар үйү менен карылар үйүн кошуп салуу сунушун айтты. Анда Кочкоров «Бул маселени азырынча так, кесе айта албайм, анын түзүмүн карап, анан бул системага өзгөртүү киргизиш керек»-деди.

Жогорку Кеңеште анын талапкерлигин карап жатып ар тараптуу сунуштар, суроолор  болду. Анда Кочкоров «Аталган министрликтеги иштерди жөнгө салуу жана өнүктүрүү болот»- деди.

Улукбек Кочкоров 1974-жылы туулган. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон.

Аталган министрликтин мурдагы жетекчиси Таалайгүл Исакунова жана анын 3 орун басары тең буга чейин кызматтан кеткен. 

 

Количество просмотров: 43