• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улукбек Марипов Александр Лукашенко менен жолугат

27 Бугу 2021 13:15 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларусиянын Минск шаарында өтүүчү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары жана делегация мүчөлөрү интеграция жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулайт. Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Азербайжан Республикасынын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкууламакчы. Мындан тышкары, делегация башчыларын Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко кабыл алат.

Кыргыз делегациясынын курамына киргендердин тизмеси:

Улукбек Кармышаков — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри;

Эрмек Ибраимов — Кыргызстандын Беларустагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын КМШ уставдык жана башка органдардагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү;

Нуран Ниязалиев — ички иштер министринин биринчи орун басары;Айгүл Рыскулова — КМШ Экономикалык кеңешиндеги экономикалык маселелер боюнча комиссиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Айбек Айдарбеков — Кыргызстан президентинин администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.

Количество просмотров: 47