• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Улукбек Марипов Беларусь өкмөт башчысы менен жолугушту

5 Бирдин айы 20219:55 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуу алкагында өкмөт башчылар ар кыл тармактагы кыргыз-белорус кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, эки өлкөнүн экономикалык потенциалын кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады жана эл кызыкчылыгын аркалаган ишиндеги ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылар жакынкы арада Бишкек шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-белорус өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын X кеңешмесин жана Ишкер форумун өткөрүүнү макулдашты.

Количество просмотров: 225