• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Улукбек Марипов добуш берүүгө жубайы менен келди

11 Теке 202112:30 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Улукбек Марипов жубайы менен Бишкек шаарынын №40 жалпы билим берүү орто мектебинин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добуш берди.

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Количество просмотров: 933