Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов эпидемиологиялык абал боюнча кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда Марипов бардык жарандарды коронавируска каршы вакцина сайдырууга чакырып, өзү жакында вакцина ала турганын айтты.
«Бардык жарандар, айрыкча 50-60 жаштан ашкан жарандарыбыздын бардыгы вакцина алыш керек. Өзүм дагы жакынкы күндөрү вакцина сайдырам. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, анын ичинен маска тагынуу, социалдык дистанцияны сактоого чакырам. Бул коронавируска каршы биргелешкен күрөшкө биздин салымыбыз болот. 2020-жылдагы “кара июль” кандай болгондугун унута элекпиз. Бул кайгылуу окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ар бирибиздин ден-соолугу жөнөкөй санитардык ченемдерди сактоодон көз каранды. Өзүңүздүн жана жакыныңыздын өмүрүнө коркунуч келтирбеңиз, көп эл чогулган жерлерден алыс болуңуз, тойлорго жана башка ири иш-чараларга барууну чектетиңиз»,-деп билдирди ал.