• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Улутстатком көз боёомчулардан сак болууну жарандардан суранат

29 Теке 201910:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.07.2019. Govori.Tv

Акыркы убактарда, социалдык түйүндөрдө өздөрүн Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери катары тааныштырып, калкты каттоо боюнча иш-чараларды өткөрүп жаткан адамдар катары тааныштырган алдмачы көз боёмочулар тууралуу маалымат таркатылып жатат. Ушул эле маалыматтар боюнча алдмачы көз боёмочулар Улутстаткомдун кызматкерлеринин жасалма күбөлүктөрүн көрсөтүү менен  жергиликтүү акимиаттар менен тыгыз кызматташуу аркылуу талаа иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдиришип, элди ишендирип жатышат. Маалыматтарды чогултууну аяктагандан кийин бир канча убакыт өткөн соң, сурамжылоо жүргүзүлгөн адамдардын үйлөрүнө уурулар киргендиги белгиленди.

Ушуга байланыштуу, “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017 жылдын 23 октябрындагы №690 токтомуна ылайык, Улутстатком эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар 2020 жылдын 23 мартынан тартып 1 апрелине чейин жүргүзүлө тургандыгына жарандардын көңүлүн бурат.   

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети азыркы календарлык мезгилде  эл жана турак жай фондун каттого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча эч кандай иш-чараларды жүргүзүү пландалган эместигин расмий түрдө билдирет.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу,  Улутстатком ушундай көз боёомчулардан сак болушун жарандардан суранат, зарыл болсо, түшүнүк алуу үчүн Улутстаткомго же жакынкы аймактык мамлекеттик статистика органдарына кайрылууңуздарды өтүнөт.

Количество просмотров: 13