• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди тараткан адам кармалды

23 Тогуздун айы 201812:19 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV

Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди тараткан адам кармалганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ  УКМК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1989-жылкы Баткен облусунун тургуну  кармалган.
УКМКнын маалыматына караганда, кармалган адам «WhatsApp» тиркемечи аркылуу 100 абонент катталган топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштырган.
Учурда  кармалган жаран материалдарды таркатуу боюнча жасаган ишин мойнуна алып, өкүнгөндүгүн билдирген.  Азыр чогултулган материалдар юридикалык баа берүү берүү максатында УКМК тергөө органдарына жөнөтүлдү.
Количество просмотров: 44