• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Улуттук банк акча которууларды убактылуу токтотууну сунуштады

7 Тогуздун айы 2020 12:23 Бишкек Govori.TV

Каржы уюмдарынын коопсуздугу үчүн акча каражаттарын которууну камсыз кылган улуттук жана эл аралык төлөм системаларынын иши убактылуу токтотулду. Улуттук банк каржы уюмдарын каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм системаларын онлайн форматка өткөрүүнү сунуштады.

Мындан тышкары өлкөнүн каржы-банк тармагынын коопсуздугун жана каржы-насыя уюмдарынын активдерин сактоо максатында, Улуттук банк каржы уюмдарынын ишин 7-октябрда да токтото турууну сунуштады. Ошондой эле өлкөдө саясий кырдаал турукташканча коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды.

Башкы банктын маалыматына караганда, учурда улуттук «Элкарт» төлөм системасы нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнү улантууда. Нак эмес жана аралыктан төлөө банк карточкалары, электрондук капчыктар, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемелери жана QR-коддорду ж.б. колдонуу менен ишке ашырылат.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук банк жагдайды байкоого алып турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды колдонот.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары 5-октябрда Бишкекте башталып, жалпы Кыргызстандын аймагына жайылган. Бишкектеги массалык митингден пайдаланган айрым күчтөр шаардагы айрым обьекттерге талап-тоноо максатында кол салышкан. 6-октябрда «Демир Банктын» филиалына кол салуу болуп, талкаланганы кабарланган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 65